ЕӨБ Кыргызстандын 2022-жылдагы ИДПнын өсүү болжолун төмөндөттү

30 ноября 2021, 14:53

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктеринин айтымында, 2022-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 4,5%ды түзөт. Бул тууралуу эл аралык каржы уюмунун макроэкономикалык баяндамасында айтылды.

Мурунку болжолдоого салыштырмалуу баа 2022-жылы ИДПнын 5,2% өсүшүнөн 0,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

"Суунун аздыгы айыл чарба көрсөткүчтөрүнө күтүлгөндөн алда канча айкын таасирин тийгизди, бул 2021–2022-жылдары ИДПнын баалоолорун кайра карап чыгууга алып келди. Биз терс кесепеттер 2022-жылдын биринчи жарымында экономикалык активдүүлүктү токтото берет деп ишенебиз”, - деп түшүндүрүштү талдоочулар.