ЕӨБ «КАМАЗды 12 миллиард рублга каржылайт

18 февраля 2021, 17:00

Евразия өнүктүрүү банкы Казакстанда «КАМАЗдын» долбоорун каржылоону мерчемдөөдө. Бул тууралуу аталган банктын сайтында маалымдалды. 

ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен «КАМАЗ» компаниясынын башкы директору Сергей Когогин Россия Федерациясындагы эң ири автомобиль корпорациясынын типтүү ассортиментин жана өндүрүштүк кубаттуулуктарын өркүндөтүү программасын каржылоонун алдын ала шарттарына кол коюшту.

 

ЕАӨБ «КАМАЗды»беш жылдык мөөнөткө 12 миллиард рубль өлчөмүндө каржылайт.

«КАМАЗ» Казакстанда завод  уюштурат, анын продукциясы Россиядагы автомобиль алпынын негизги өндүрүш ишканаларында колдонулат. Биз Казакстанда дагы, Орусияда дагы бардык керектүү экспертизалар жана тажрыйбаларга ээбиз. Ошондуктан, биз өнөктөштөрүбүздү долбоордун бардык этаптарында, анын ичинде техникалык  жардамдын алкагында да колдоого даярбыз, - деди ЭӨБ башкармалыгынын төрагасы.