Кыргызстанда мамлекеттик карызды тейлөөгө ыңгайлуу шарттар бар- ЕӨБ

10 ноября 2022, 15:36

“Борбор Азиянын экономикасы: жаңы көз караш” аналитикалык баяндамасында Евразия өнүктүрүү банкынын аналитикалык иштер боюнча жетекчиси Антон Малахов Кыргызстандын мамлекеттик карызынын туруктуулук деңгээли тууралуу “Акчабардын” суроосуна жооп берди.

ЕӨБ жалпысынан Кыргызстандын мамлекеттик карызын жетиштүү деңгээлде туруктуу деп баалайт.

“Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттик карызы жогору өлкөлөрдүн бири. Карыздын жалпы көлөмү ИДПнын 60%га жакынын түзөт. Ошол эле учурда алынган карыздардын 80%га жакыны жеңилдетилген карыздар болуп саналат. Бул аны тейлөөгө жагымдуу шарттарды түзөт, анткени карыз төмөн пайыздык чен менен алынган”, - деди Малахов. 

Ал ошондой эле өлкөнүн 2022-2024-жылдарга кабыл алынган мамлекеттик карыз стратегиясы карыздын туруктуулугун жана тең салмактуу фискалдык позицияны сактоого багытталганын баса белгиледи.