ЕӨБ Кыргызстанга 93 млн доллар инвестиция салууга ниеттенүүдө

9 декабря 2022, 10:56

Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстанга салган инвестициясынын жылдык көлөмү 16 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Даленов билдирди. 

Ал учурда 8 миллион долларга келишимдер түзүлгөнүн, жыл аягына чейин дагы ушундай эле суммадагы келишимдерге кол коюларын билдирди.

Мындан тышкары, ал Евразия өнүктүрүү банкы 2023-жылы Кыргызстанга салган инвестициянын көлөмүн 93 миллион долларга көбөйтүүнү пландап жатканын билдирди.

“Кыргызстандын стратегиясынын алкагында банктын каржылык колдоосу менен беш жыл ичинде жалпы суммасы 161 миллион долларды түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда”, - деди Даленов.