ЕАЭБ аймагынан накталай акча эми жаңы мыйзам менен өткөрүлөт

5 февраля 2020, 15:20

2020 - жылдын 4 - февралынан тарта накталай акча ЕАЭБ аймактарынан жаңы киргизилген мыйзам аркылуу өткөрүлөт. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди. 

Физикалык жак бажы биримдигинин чек арасынан 100 миң $ жогору акча каражатын өткөрүп жатып, бир гана декларацияны көрсөтпөстөн, бул каражаттар кайдан келгендигин тастыктоочу документ дагы керектелет. 

Бул учурда банктык эсептен алган чек, насыя алган кагаз, жарандык-укук келишим, мураска же ишенимге берилген каражаттардын докукменттери болот. 

Эгерде каражатты тастыктай турган документтер жок болсо, анда ЕАЭБ аймагынан акча которууга уруксат берилбейт.