2020-жылы ЕАЭБде айыл чарба продукциясы 114.4 млрд $ өндүрүлгөн

16 февраля 2021, 11:50

2020-жылы ЕАЭБдеги айыл чарба продукциясын өндүрүү 2.3% жогорулап, 114.4 млрд $ түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти. 

 

ЕЭКтин маалыматына ылайык, продукциянын басымдуу бөлүгү Россияда өндүрүлөт — 84.9 млрд $, Казакстанда — 15.1 млрд $. 

 

Белорусияда айыл чарба продукциясы 9.3 млрд $, Кыргызстанда 3.2 млрд $ өндүрүлгөн. Арменияда эң төмөн көрсөткүч  — 1.7 млрд $.