ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 5 жаранына пенсия дайындалды

22 марта 2023, 10:11

ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 5 жаранына пенсия дайындалды. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. 

Мындан тышкары, Орусиянын 32 жаранына жана Казакстандын 3 жаранына пенсия дайындалган. 

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Бул келишимге ылайык, Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында иштеген же башка ишмердүүлүк менен алектенгендиктен пенсиялык укукка ээ жумушчулар деп таанылат.

Ошондой эле, Бажы мамлекеттеринде эмгектенген жарандар, камсыздандыруу төлөмдөрүн төккөнгө жараша пенсия ала алышат. Муну менен катар жумушчуга ал иштеген мамлекеттин шарттары боюнча пенсия берилет.