ЕАЭБ ичинен реалдуу эмгек акынын көлөмү Белорусияда жогорулады

4 марта 2021, 17:00

2020-жылы ЕАЭБдеги бардык мамлекеттердин номиналдуу орточо эмгек акысы жогорулады. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

Комиссиянын маалыматына ылайык, номиналдуу жана реалдуу эмгек акынын көлөмү Белорусияда 14.2% жана 8.1%, Казакстандыкы 14.6% жана 7.3% эң жогорку деңгээлде жогорулаган. Кыргызстанда бул көрсөткүчтүн көлөмү 7.7% жана 2.5% түздү. 

Жылдын соңунда Россияда орточо эмгек акынын көлөмү — 710 $, Казакстанда — 515 $, Белорусияда — 508 $, Арменияда — 388 $ түздү. 

 

Эң төмөн эмгек акы кыргызстандыктардыкы — 239 $ түзөт.