ЕАЭБден КР кирген товарлардан бюджет 18.8 млрд сомго толукталат

18 января 2021, 14:00

2021-жылга карата төлөнө турчу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 20 млрд 13 млн сомду түзүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлги билдирди. 

 

 

Эл аралык соодадан түшкөн салыктардын дээрлик 90% ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы салымдары болуп эсептелинет. 

Эл аралык соодага болгон салык жана бүтүмдөр республикалык бюджетти толтурууга тийиш.

 

 

«2022-2023-жылдары түшкөн каражаттардын көлөмү 20.9 млрд сомдон 22 млрд сомго жогорулашы күтүлүүдө. Өсүүнүн көлөмү орточо эсеп менен 4.9% түзөт», — деп белгилешти министрликтен.