Депутат: ЕАЭБ — экономикалыктан дагы көбүрөөк саясий союз

2 декабря 2020, 17:20

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов чек арадагы текшерүү-өткөрүү пунктарындагы модернизациялоо иштеринин кармалып жатканынын себептерин сурады. Андан сырткары, жыйында эл өкүлү Кыргызстандын ЕАЭБге киргендеги Россиянын көрсөткөн техникалык жардамынын алкагындагы иштерге кызыкты.  

Бул суроого экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров 200 млн доллар бөлүнгөнүн, бирөк бүткөрүү мөөнөтү объективдүү себептерден улам жылдырылганын билдирди. 

Бекешев өз сөзүндө, Россия тарапка Кыргызстан ЕАЭБге киргендиги үчүн жардам көрсөтүп жаткандыгын эскертип коюу керектигин билдирди. 

«Алар биздин экономикабыздагы маселелерди, модернизациялоого акча жок экенин жакшы билишкен. Алар бул экономикалык бирикмеден дагы, көбүрөөк саясий бирикме экенин жакшы билишет», — деп билдирди ал.