2019-жылы ЕАЭБдин ИДПсы 1.9 трлн $ түзгөн

12 марта 2020, 11:00

Өндүрүш ыкмасы боюнча эсептелген ички дүң продуктунун 2019-жылдын январь-декабрь айындагы көлөмү 1 трлн 954.2 млрд $ түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди. 

ЕАЭБ боюнча ИДПнын физикалык көлөмүнүн индекси 2019-жылдын январь-декабрь айларында 2018-жылга салыштырмалуу 101.6% түзгөн. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЕАЭБдеги ИПДПга кошкон салымы 0.4% эсептелинет. Бул абдан төмөн көрсөткүч. Эң көп үлүш Россияныкы (86.5%).