ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсиялык келишим күчүнө кирди

13 января 2021, 10:30

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жумушчуларды пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалат.

 

 

 

Мындан ары, Бажы мамлекеттеринде эмгектенген жарандар, камсыздандыруу төлөмдөрүн төккөнгө жараша пенсия ала алышат. Муну менен катар жумушчуга ал иштеген мамлекеттин шарттары боюнча пенсия берилет. 

Кошумчалай кетсек, чет жакта дээрлик миллион кыргызстандык эмгектенет, анын ичнен басымдуу бөлүгү Россияда жана Казакстанда иштешет.