ЕАЭБ ичинен Кыргызстанда эмгек акынын көлөмү эң төмөн

25 ноября 2020, 14:10

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-сентбрь айларында эмгек акынын көлөмү 237 долларды (Улуттук банктын сентябрь айындагы официалдуу курсуна ылайык) түзгөн. ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен – бул эң төмөн эмгек акы. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда маалымдалат. 

Орточо эмгек акынын жогорку көрсөткүчү — Россияда (700 доллар - 49.4 миң рубль) катталган. Казакстандыктар айына 504 доллар (205 миң теңге)  табышат. Бнлорусиянын жарандарынын эмгек акысы - 503 долларды, Арменияныкы 386 долларды (187 миң драм) түзөт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы америка валютасы  менен алып караганда 211 долларды түзөт.