ЕАЭБдин ичинен Кыргызстан инновациянын өнүгүшү боюнча эң акыркы орунда турат

3 сентября 2020, 14:15

Бүткүл Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюумунун маалыматына ылайык, Кыргызстан  GLL 2020 рейтингинен 3 позициясын жоготкон. Бирок, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ичинен 5 орундан түшкөн жок. Бул тууралуу 2020-жылдагы отчетто маалымдалат.

 

Бул рейтингде өлкөлөрдүн инновация тармагынын өнүгүшү, ИДПнын өсүү жагы, бизнес ачуудагы жеңилдик мүмкүнчүлүктөрү каралат. Отчетто белгиленгендей, төмөнкү позицияларда Кыргызстанда жакшы көрсөткүч болгон эмес. Ал эми дүйнөлүк бренд боюнча Кыргызстан эң төмөнкү позицияга илинген.

 

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан инновация боюнча эң акыркы тизмекке илинген. Россия 50 алдыңкы өлкөнүн катарынан 47-орунда болсо, Армения 61-орунда, Казакстан 77-орунду ээлеген.