ЕАЭБ менен Кытай мамлекети бажы маалыматтары тууралуу алмашуу жүргүзүшөт

17 июня 2020, 16:45

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев «Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытайдын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

 

Евразия Бирлиги жана Кытай мамлекети жеке пайдалануучу товарларды кошпогондо, тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучуларынын экспорттук жана транзиттик декларациялары боюнча маалыматтарды алмаша алышат.

 

«Маалымат алмашуу электрондук түрдө жүргүзүлөт», — деп жазылат билдирүүдө.  

 

 

Тийиштүү протокол бекитилген күндөн тартып, 1,5 жылдан соң күчүнө киргизилет.

Бул документ биримдиктеги өлкөлөр тарабынан ратификацияланууга тийиш. Евразия экономикалык бирликке мүчө өлкөлөр: Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан.