ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди

18 января 2022, 14:01

2021-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБнын баардык мүчө мамлекеттеринде керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

ЕЭАБнын мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда инфляциянын деңгээли

 

Декабрь
ноябрга карата

Декабрь
мурунку жылдын декабрына карата

Январь-декабрдагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2020

2021

2020

2021

2020

2021

Армения

3,4

1,6

3,7

7,7

0,3

0,6

Беларусь

1,2

0,9

7,4

10,0

0,6

0,8

Казакстан

0,9

0,6

7,5

8,4

0,6

0,7

Кыргызстан

2,3

1,3

9,7

11,2

0,8

0,9

Россия

0,8

0,8

4,9

8,4

0,4

0,7

2021-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Кыргызстанда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли (11,2 пайыз) белгиленди, мында өткөн жылда баалар жана тарифтер эң көп (13,3 пайызга) азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) өстү. Муну менен бирге, Беларусияда азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын - 9,9 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө - 7,6 пайызга максималдуу өсүүсү катталды.