2020-жылы ЕАЭБдеги мамлекеттердин ИДПсы 810 млрд $ түзгөн

10 ноября 2020, 09:50

2020-жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы 809.8 млрд долларга жетти. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 3.2% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда маалымдалат. 

Комиссиясынын берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсынын эң төмөн көрсөткүчү - болгону 3 млрд долларды түзөт. Арменияда бул көрсөткүч 5.2 млрд долларды, Белорусида - 28 млрд доллар, Казакстанда - 70.3 млрд долларды түздү. 

ИДПнын басымдуу бөлүгүн салтка ылайык, Россия ээлейт - 703 млрд доллар.