2020-жылы ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экспорту 228.6 млн $ ашкан

23 октября 2020, 17:00

2020-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдеги мамлекеттер 228.6 млрд долларга товар экспорттошкон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 71 млн $ аз. Бул маалыматты ЕЭКтен билдиришти. 

Комиссиянын маалыматына ылайык, импорттун көлөмү 161 млн $ кыскарган. Өткөн жылы импорттун көлөмү 175.4 млн $ түзгөн. 

 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үстүбүздөгү жылдын I кварталдагы жүгүрткөн соода көлөмү 159 млн $, II кварталда - 137 млн $ түзгөн. III кварталдын жыйынтыгы азырынча чыга элек.