ЕАЭБде 2019-жылдын аягында 577 миң 609,8 тонна күрүч өндүрүлгөн

28 апреля 2020, 17:30

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр 2019-жылдын аягында 577 миң 609,8 тонна күрүч өндүрүшкөн. Бул тууралуу статистикада маалымдалат. 

Күрүчтүн басымдуу бөлүгүн Орусия өндүргөн. Жалпы көлөмү - 410 миң тоннаны түзгөн. 

Казакстанда өндурүлгөн күрүчтүн көлөмү 144,2 миң тоннаны түзгөн. 

Кыргызстанда белгиленген убакта өндүрүлгөн күрүчтүн көлөмү 23,3 миң тоннаны түзгөн.