2021-жылдын январь — февраль айларында ЕАЭБде өнөр-жай өндүрүш 2.3% төмөндөдү

1 апреля 2021, 12:15

2021-жылдын январь-февраль айларында өнөр-жай тармагынын өндүрүшү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2.3% төмөндөдү. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

Комиссиянын берген маалыматына ылайык, тоо-кен өндүрүшү жана ЕАЭБдеги карьерлерди иштетүү 8.1% , кайра иштетүү өнөр-жайы - 0.5% төмөндөдү. Ошол эле учурда электр тармагы, газ берүү, буу жана кондиционер - 8.3%, суу менен камсыздоо, канализация тутуму, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү көзөмөлү - 10.9% жогорулады. 

 

2021-жылдын өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүүсү Белорусияда - 8.3% катталган. Кыргызстанда - 13% жана Арменияда - 7.9% төмөндөгөн.