ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорту импорттун көлөмүнөн 67.7%  ашкан

2 марта 2020, 13:10

Товарлардын экспорту 459.3 млрд $, импорт - 273.8 млрд $ түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 20.7 млрд $ (2.7%), экспорт - 31.4 млрд $ (6.4%) кыскарган. Ал эми импорт тескерисинче, 10.7 млрд $ (4.1%) жогорулаган. Бул тууралуу Еворазиялык экономикалык комиссия билдирди. 

Эгерде тышкы сооданын профицити 2018-жылы 227.6 млрд $ түзсө, 2019-жылы бул сан - 185.5 млрд $ кыскарган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Россия менен Казакстандын  тышкы соода жүгүртүүсү ири көлөмдө болгон.