ЕАЭБде негизги экономикалык өсүү 2021-жылдан тарта болот

7 декабря 2020, 10:30

Пандемиянын кесепетинен улам ЕАЭБдеги мүчө мамлекеттердин экономикасы төмөндөдү. Бирок, бул көрүнүш - убактылуу гана. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров билдирди.  

Эксперттин айтымында, негизги экономикалык өсүү 2021-жылдан тарта болот. Бул учурда Россиянын экономикасы - 3.2%, Казакстандыкы - 4.4% жогорулайт. 

«Биримдиктеги өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү - күнүмдүк оптимизм эмес. Капиталдын, жумушчу күчтүн жана өндүрүштүн өсүүгө багытталган потенциалдуу траекториясы бар. Рецессия - бул убактылуу көрүнүш», — деп белгилейт Винокуров.

ЕАЭБдеги башкы өлөлөрдүн экономикасы 2022-жылы кайра калыбына келет. Казакстандын экономикасы, ИДПга карата 8.7% мамлекеттик колдоонун эсебинен, мурунку калыбына 2021-жылдын аягында кайтып келет.