ЕАЭБ үчүнчу тараптар менен соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуну карашты

25 февраля 2019, 14:00

Москвада   Евразия экономикалык комиссиясынын жыйын болду.  Анда катышуучулар үчүнчү тарап менен соода жасаганда техникалык тосколдуктарды жоюу тартиби жана шарттарын талкууга алышты. 

Мындан тышкары  ЕЭК   ЕАЭБ менен Кытай бажылары аркылуу өткөн товарлар,  эл аралык жүк ташуучу транспорттук каражаттары тууралуу маалымат алмашуу каралды. 

Кыргызстандын атынан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты. Иш-чара Арменинянын  вице-премьер-министри Мгера Григоряндын төрагалыгында өттү.

«Жыйында  ЕАЭБ алкагында интеграциялоо максатында  24 маселе каралды. Соода сатыкты өнүктүрүү, бажы жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды көрүү талкууланды. Эң маанилүү маселердин бири Россия менен Казахстандын бажы кызматтары жасаган отчет болду. Анда эки мамлекет эксперементалдуу түрдө автотранспортторду транзиттик ташууга навигациялык ээн коюп көзөмөлгө алышкан», — деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы. 

Мындан тышкары келечектүү кызыктуу долбоорлор, инвестицияларды тандоо критерийи, ошондой эле Бирдиктүү карантин, фитосанитардык талаптарга өзгөртүү киргизүү, ЕАЭБ чек ара территориясында карантин алдындагы  азыктарды тактоо  талкууга алынды.