ЕАЭС «санарип такси» кызматын киргизет

27 сентября 2019, 13:40

Евразия экономикалык союзу электрондук унаа реестери боюнча бирдиктүү стандарт түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу «Евразия жумалыгында» бүгүн, 27-сентябрда такси коомдук институтунун компетенттүүлүк борборунун жетекчиси Станислав Швагерус билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө, ЕАЭС  мамлекеттер арасында 100 млн.дон ашык, такси кызматын колдонгон  жүргүнчүлөр бар, такси кызматын көрсөткөн 3 млн. автоунаа бар. 

 «Орусияда такси кызматында Кыргызстандын, Казакстандын жана Белорусиянын жарандары иштей алышат. Бир гана Армениянын айдоочуларына уруксат жок. Бул айдоо күбөлүгүнө келип такалат», - деп билдирди. 

Андан сырткары, С.Швагерус жалган айдоочулук күбөлүктөр бар экенине дагы басым жасады. 


«Кыргызстанда айдоо күбөлүктөрүн жеке компаниялар аркылуу алгандар алмаштыруу керек. Мындан ары күбөлүктү бир гана мамлекеттик мекемелер бере баштайт.», - деп билдирди. 

Андан сырткары, жеңил автоунаа айдоочулары жана алар тууралуу маалымат электрондук тизгинде болуусу шарт экенин айтып, санариптик такси кызматына өтүүнүн бир катар жолдорун белгиледи.