ЕТӨБ Кыргызстанга 28 млн.€ бөлүшү мүмкүн
ЕТӨБ суу менен камсыз кылуу боюнча 5 бирдиктүү долбоорго 28 млн.€ бөлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен ЕТӨБдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билинди.
Эл аралык банк бул каражатты Жалал-Абад, Мырзаке-Куршаб, Кербен, Нарын жана Исфана шаарларына суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашырууга жумшайт.
ЕТӨБ буга чейин Кыргызстанга 730 млн. $ ар түрдүү экономикалык багыттагы инвестиция жумшаган. Алардын ичинен, бөлүнгөн инвестициялар энергетика тармагына – 5%, каржы институтуна – 24% жана өнөр-жай, соода, агросекторго – 18%, жеке секторго 53% түзөт.