ЕРӨБ таштандыларды кайра иштетүүчү түрк компаниясынын акциясын сатып алат

24 августа 2021, 13:00

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы катуу калдыктарды башкаруу жана кайра жаралуучу энергия боюнча алдыңкы компания Biotrend Çevre ve Enerji Yatırımları ASтын  үлүшүнө инвестиция салууда. Бул тууралуу ЕРӨБ сайтында маалымдалды.

ЕРӨБ колдоосу менен Biotrend корпоративдик жана климаттык тобокелдиктерди башкарууну илгерилетет жана экологиялык стандарттарды жана сатып алуулар практикасын ишке ашырат.

ЕРӨБ Түркиянын алдыңкы институционалдык инвестору экенин кошумчалайбыз жана ушул күнгө чейин өлкөгө 349 долбоорго дээрлик 14 миллиард евро инвестиция салган, анын 95% жеке секторго тиешелүү.