ЕРӨБ Кыргызстандагы экономикалык өсүш боюнча божомолдорду көтөрдү

30 июня 2021, 11:30

Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстандын экономикасы 6,6% га өсөт. Бул тууралуу ЕРӨБдүн "Аймактык экономиканын келечеги" отчетунда айтылды. 

ЕРӨБдүн билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө Орусиядан акча которуулардын кыйла калыбына келиши жардам берет. Ошондой эле, ушул жылдын биринчи кварталында акча которуулардын көлөмү доллар менен салыштырганда жылдагыдан 22% көбөйгөнү белгиленди.

Бирок, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ИДПнын өсүшү 2022-жылы 4,6% га чейин басаңдайт деп божомолдоодо.