ЕКӨБ аял - ишкерлерге 127 млн $ чейин насыя берет

12 февраля 2020, 09:30

Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга «Айымдар ишкерликте» аталыштагы программаны киргизди. Аталган программага Кыргызстан 2019 - жылы кирген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, пргграмманы ишке ашырууда бир гаа айымдарга ишкерликке жардам бербестен, социалдык жактан жашоосун жактыртууга дагы жардам берет. 

Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы беш жылдык моөнөткө чейин ишкер аялдарга 127 млн $ чейин насыя берет.