Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы Тажикстанга 150 млн $  насыя берет

3 февраля 2020, 13:05

Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Тажикстанга 150 млн $ өлчөмүндө насыя берет. Бул каражат  44 чакырым болгон Тажикстан менен Кыргызстанды жана Казакстанды байланыштыра турган Обигарм – Нуробод автожолун жаңылоого жумшалат. Бул тууралуу CentralAsia.news порталы билдирет. 

«Долбоор Рашт өрөөнүндө жашаган калктын экономикалык абалын жакшыртат. Бул аймакта жашаган дээрлик 8 миң аял-ишкерлерге 5 соода аянтын салуу пландалып жатат. 150гө жакын аялдар ишкерлик жөндөмдүүлүктү арттыруучу атайын оку курстарына жиберилет», ―  деп жазылат маалыматта. 

Жолдун жээгине коопсуздук эрежелери, жөө өтмөк, жол чырактар, аялдамалар  салынат.