МИКтин жалгыз акционери 90,9 млн сом дивиденд алат

17 апреля 2023, 11:45

Өткөн жылдын 31-декабрына карата Мамлекеттик ипотекалык комапниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасы 181 миллион 888 миң 203 сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Анын 90 млн 944,1 миң сому МИКтин жалгыз акционери – Мамлекеттик мүлк фондуна дивиденддерди төлөөгө жумшалса, калган 50% - 90 млн 944,1 миң сом кошумча акцияларды чыгаруу жолу менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат.