ЕЭК Фарер аралы менен биргеликте бизнес - форум өткөрөт

13 февраля 2020, 10:45

ЕАЭБден  Фарер аралдарына рапс майы, мунай заттар жана кагаз, картондон жасалган  буюмдар экспорттолуп турат. Тараптар макулдашылган келишимге 2018 - жылы кол коюшкан. Бул жылы ЕЭК Фарер аралында өтө туруучу бизнес форумга катышат. 

ЕЭК билдиргендей, бул иш - чара эки тараптын мамилесин чыңдап, бирге кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Фарер аралынын соода жүгүртүусү 2019 - жылы 283 млн долларды түзгөн.