ЕЭК Кытайдан келген дөңгөлөктөргө антидемпингдик алымдарды узартты

30 июня 2021, 10:20

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы Кытайдан келген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө антидемпингдик пошлинаны дагы беш жылга узартуу чечимин кабыл алды, деп жазды ЕЭК сайты.

Мындай чечим өткөн жылдын август айында башталган антидемпингдик иликтөөдөн кийин кабыл алынып, анын жүрүшүндө Кытайдан келген дөңгөлөктөргө коюлган антидемпингдик алым алынып салынса, ЕАЭБ мейкиндигиндеги дөңгөлөктөрдү чыгарган ишканалар чыгымга учураары белгилүү болду.

Кытайдан келген дөңгөлөктөргө антидемпингдик алым 2015-жылдын күз айынан тарта күчүнө кирген.