ЕАЭБдин стратегиялык 50 долбоору бекитилди

17 февраля 2020, 15:45

ЕАЭБ стратегиялык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт. Долбоорлор  2020-жылдын май айында Жогорку экономикалык кеңешинде бекитилет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди. 

Учурда комиссия долбоордун 50 багытын бекитти. 

«Биз союздун реалдуу өсүшүнө  конкреттүү формула, конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгып жатабыз», – деп билдирди комиссиянын өкүлү Михаил Мясникович.