ЕЭК темир жол чыгымдарын эсепке алуу тартибин тактады

25 января 2023, 13:33

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигине темир жол аркылуу ташылып келинген товарлардын бажы наркын аныктоо үчүн транспорттук чыгымдарды эсепке алуунун тартибин тактады. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.

Мындай товарлар үчүн бажы наркына биримдиктин бажы чек арасына чейин эсептелген транспорттук чыгымдар камтылууга тийиш экендиги аныкталган.

Чечим бизнес-коомчулуктун сунуштарынын негизинде ЕАЭБдеги укук колдонуу практикасын талдоонун негизинде кабыл алынды. Ал ишкерлерге жана темир жолчуларга кандай гана кырдаал болбосун ташып келүүчү товарлардын бажы наркына кошулууга тийиш болгон транспорттук чыгымдардын көлөмүн так аныктоого мүмкүндүк берет.

Бул темир жол менен жүк ташуу наркын бажы наркына киргизүү боюнча талаш-тартыштарды жоюуга жардам берет.