ЕЭКте кадрдык өзгөрүүлөр болду

12 февраля 2021, 13:15

Евразия экономикалык комиссияда кадрдык өзгөрүүлөр болду. Статистика департаментинин дирокторунун орун басары болуп Наталья Игнатова дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтен маалымдашты.

 

Буга чейин Наталья Игнатова эл аралык статистика башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Ал эмгек жолун 2010-жылдан тарта Бүткүл Россиялык Калкты каттоонун штаттан тышкаркы кызматынын алдыңкы экономисти болуп баштаган.

Кошумчалай кетсек, тийиштүү чечим 11-февралдан тарта күчүнө кирет.