Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга насыя бөлүү маселесин кароодо

27 октября 2021, 15:25

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунда “Мамлекеттик ипотекалык компанияга” кредиттик каражаттарды бөлүү маселеси каралууда. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна негиздемеде айтылды.

Маалым болгондой, бул маселе оң жагына чечилсе, алынган карыздык каражаттарды Кыргызстандын аймактарын жана билим берүү, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин каржылоого фонддун шарты болот.

"Ипотекалык насыялар, тиешелүү түрдө, ушул келишимдин алкагында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши тарабынан бекитилген параметрлерди эске алуу менен ипоткалык компания тарабынан берилет", - деп айтылат маалыматта.