ЕТӨФ Кыргызстанда санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө 40 млн доллар бөлүүнү карайт

11 февраля 2022, 11:59

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоор блогу жакын арада Кыргызстанда санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү 40 млн доллар өлчөмүндө каржылоо маселесин кароого даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен жолугушуунун жүрүшүндө ЕТӨФ долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков билдирди.

Жолугушуу 8-февралда министрдин Москва шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

“ЕТӨФ менен кызматташуу Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Улуттук жана региондук интеграцияланган санариптик инфраструктураны өнүктүрүү бүгүнкү күндө мамлекеттин приоритеттүү милдети болуп саналат жана бардык күч-аракет Кыргызстандын калкы үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү сапаттык жактан жогорулатууга багытталат», – деди Талантбек Иманов.