Египет Кыргызстанга инвестиция салууну көздөйт

13 августа 2021, 12:00

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов Египеттин Элчиси Манал Элсайед Йехия Эльшиннавиге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы толук ачыла электигин айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында айтылат.

Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы 80-90% га чейин ачыла электигин белгилеп, тоо туризми, энергетика, алтын казуу тармагына инвестиция салуу маселесин кароону сунуштады. Ошондой эле министр потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду изилдөө үчүн Египеттин ишкерлерин Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Өз кезегинде, элчи Египет Араб Республикасынын ишкерлери Кыргыз Республикасына кызыгуусун билдиришкенин, бирок пандемияга байланыштуу алар Кыргызстанга келе албай калганын айтты. Буга байланыштуу элчи эки өлкөнүн бизнесинин жолугушуусун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жыйын соңунда Шыкмаматов туризм тармагында биргелешкен ишканаларды ачуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.