1-марттан тарта «Эйр Манас» авикомпаниянын рейстери токтотулат

27 февраля 2020, 17:45

2020-жылдын 1-мартынан тартып «Эйр Манас»  авикомпаниянын рейстери токтотулду. Бул тууралуу КР Транспорт жана Жол министрлигине караштуу Жарандык Авиация аненттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-мартынан тартып  «Эйр Манас» авикомпаниясы  өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу Бишкек-Ош-Бишкек каттамын токтотот. Буга чейин рейстерге билеттерди сатып алган жүргүнчлөр, КР авиация эрежесине ылайык акча каражаттарын кайтарып ала алышат.