«Эйр Кей Жи» авиакомпаниясы уставдык капиталын 95,4 млн сомго көбөйттү

17 мая 2023, 16:38

“Эйр Кей Жи” авиакомпаниясы уставдык капиталын 95 млн 364 миң 482 сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Белгилеп кетсек, аталган авиакомпания “Манас” эл аралык аэропортунун курамына кирет.  

Мындан тышкары, “Манас” эл аралык аэропорту апрель айында Адыл Улукмановду “AIR KG” авиакомпаниясынын башкы директору кызматынан бошотуп, бул кызматка Жолдошбек Айдаралиевди дайындаганын билдирди.