«Эйр Манас» Бишкек — Ош — Бишкек үч авиакаттамын токтотту
«Эйр Манас» авиакомпаниясында учактарды оңдоп-түзөө иштери журүп жаткандыгына байланыштуу 11-октябрга пландалган Бишкек — Ош — Бишкек аавиакаттамы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Бардык жургүнчүлөр смс билдирүү аркылуу үзгүлтүккө учураган авиарейстер тууралуу кабардар. Алар билеттерин алмаштырып же акчаларын кайтарып алышса болот.