Эки айда кумарканалардан бюджетке дээрлик 39 млн сом түштү

28 марта 2024, 16:11

Быйыл эки айда кумаркана жана букмекердик кеңселер 38 млн 92,5 миң сом салык төлөшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. 

Маалыматка ылайык, каражаттын 36 млн 92,5 миң сому кумаркана оюндарынан түшкөн. Букмекерлер жана тотализаторлор 2 айда 2 млн сом төлөштү. 

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын эки айында кумар оюндарынан салык түшкөн эмес.