Эки күндө эреже бузган айдоочуларга 389 миң сом айып салынды

20 марта 2024, 16:51

18-20-март күндөрү Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Укук тартиби” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө жарандар тарабынан жасалган 116 мыйзам бузуу фактылары аныкталып, 389 миң сомго протоколдор түзүлдү.

Рейддин максаты коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат.