«Эко Монтис» ишканасы кайра иштетилген өнүмдөрдү чыгара баштады

21 февраля 2023, 17:18

Таластагы "Эко Монтис" ишканасы таштандыдан кайра иштетилген тиричилик буюмдарын чыгара баштады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Таза суу" муниципалдык ишканасына 50 даана желим капкактарды тапшырды. Ошондой эле, мэриянын ишканаларына 400 калак жана 300 кийим илгич таратылат.

Мындан тышкары, “Альянс Алтын” компаниясынын гранттык колдоосу менен 6 миллион сом өлчөмүндө шаардык таштанды таштоочу жайдын аймагына аталган компаниянын сорттоочу пункту курулуп жатат.