Экотехинспекцияга жаңы жетекчи келди

18 февраля 2020, 16:00

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович дайындалды.

Өкмөттөн билдиргендей, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жыпаркулов 2015-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун техникалык блок боюнча орун басары болуп иштеген. Ошондой ал Ошто MegaComдун аймактык өкүлчүлүгүнүн директору болуп эмгектенген.

Мурдараак маалымдалгандай, Жунушев Жолдошбек Маликович Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору кызматынан бошотулган.

Коопсуздук кеңеши өкмөткө Ж.Жунушевди кеңештин чечимдерин аткарбагандыгына байланыштуу иштен алууну сунуштаган.