Экологиялык талаптарды бузган төрт компанияга айып пул салынды

2 ноября 2023, 09:58

Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери экологиялык мыйзамдарды бузган ишканаларга 67 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. 

Алсак, “Ысык-Ата” санаториясы сууну булгануудан жана бүтөлүп калуудан сактоо боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн 28 миң сом айыпка жыгылган. 

Токмок шаарындагы “Ис-Саби” жоопкерчилиги чектелген коомуна да атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун тартибин бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып салынды.

Ошондой эле, эки жеке ишкерге жалпы суммасы 11 миң сомдук 5,5 миң сом айып салынган.