Быйыл экономикалык өсүү 4% жетет
2019-жылы экономикада өсүү 4% болот. Бул тууралуу бүгүн КР Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев пресс-конференцияда билдирди.
Жогорудагы өсүүгө жетүү үчүн өкмөт койгон талапттарды аткаруу керек.
Алыбаевдин айтымында экономикада өсүү болууда. Анын пикиринде 2019-жылдын биринчи жарымында экономикадагы өсүү 6,4% катталып, бул «Кумтөрдү» кошпогондо 2,5% деп билдирди.
«Эгерде сырткы секторду карасак, экспорт 3,7% жетти. Импорттун көлөмү төмөндөп 4,7% түздү», -деп билдирди ал.
Экономика министрлигиндеги макроэкономикалдык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев жылдын аягында эмнеге экономикада төмөндө болорун түшүндурдү.
«Биз «Кумтөрсүз» өсүү денгээлин 3,6% болдоп, а алтын кени менен – 4% деп болжодобуз. Эмнеге биринчи жарым жылдыкта өсүү жогору, анткени «Кумтөр» былтыркы жылдын төртүнчү кварталында көп алтын казышкан. Ошондуктан, 2019-жылы өсүү көп», -деп билдирди ал.
Инфляция бир калыпта – 0,3% турат деп кошумчалады Кыргызстандын Экономика министрлиги.