Кыргызстан Араб эмиратыгына эт экспорттойт

27 марта 2019, 12:17

 Араб Эмирлигинин аудити  «Торо» ЖЧК касапканасын көрүп,  анда баардык шарттары дал келээрин айтышканын Экономика министрлиги  жарыялады.

Бишкектеги  «Торо» касапканасын  аудит жасаганда анда баардык шарттар дал келээри аныкталып, эми Кыргызстан Араб Эмирлигине малды ушул жерден союп жөнөтөт.  

2019-жылы 18-марттан 21-мартка чейинки аралыкта Араб Эмирлигинин  климаттын өзгөрүшү жана экология боюнча министрлигинин микробиолог-аудитору  Мажди Абу Алуш менен БАЭ санитардык-эпидемиялогиялык  кызматынын эпидемиолог-дарыгери Фатима Абдулла КР Экономика министрлигине караштуу  техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын кызматкерлери  менен биргеликте «Торо» ЖЧК компаниясын текшерүүгө алып, ветиеринардык-санитардык абалга жакшы баа беришти. ,

«Бул мониторгдин жыйынтыгы боюнча КР Араб  Эмиратына этти экспортто каралат» деп жазылган маалыматта.

 2016-жылы 18-августа  «Торо» ЖЧК компаниясына биринчи адал сертификаты тапшырылган.