Экономиканы колдоого 11.7 млрд сом бөлүнөт

18 мая 2020, 10:35

2020-жылы ири долбоорлорду ишке ашыруу иштери улантылат. Экономиканы колдоо долбоорун каржылоого 11.7 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу республиканын Каржы министрлиги билдирди. 

Анын ичинен:

  • транспорт тармагына – 5.1 млрд сом;
  • энергетика тармагына – 4.3 млрд сом;
  • шаар жана айылдарды суу менен камсыздоого – 2.6 млрд сом;
  • саламаттык сактоо тармагына  – 2.2 млрд сом;
  • ирригацияны өнүктүрүүгө – 871 млн сом;
  • айыл чарба тармагына – 787 млн сом;

Башка долбоорлорго: катуу тиричилик таштандыларына, Мамлекеттик ипотекалык компанияга, маалыматтык технологияга, айлана-чөйрөгө - 3.2 млрд сом жумшалат.