Экономика министри бир жыл ичинде 534 миң сом тапкан

22 ноября 2019, 14:13

Экономика министри Санжар Муканбетовдун 2018-жылдагы кирешеси 534 миң 604 сомду түзгөн. Бул тууралуу Бирдиктүү салык декларациясы билдирет.

Чыгашасы -0- сом деп көрсөтүлөт. Министрге тиешелүү 481 кв метр жердеги үйү бар. 

Министрдин жакындарынын кирешеси жана чыгашасы декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Анын жакындарына тийиштүү Хонда CRV ж.б үлгүдөгү 25 млн сомго барабар болгон автоунаа катталган. 

Эске сала кетсек, С.Муканбетов КР экономика министри болуп, 2019-жылдын 30-майында дайындалган.